10:02, 06 апреля 2023, 24.kg

ЭлТРдин «ПолитКлиника» медиасына каршы арызы 18-апрелде каралат

ЭлТРдин «ПолитКлиника» медиасына каршы арызы 18-апрелде Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу медиадан билдиришти.

4-февралда «ПолитКлиника» медиасы ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп" деген тема менен материал жарыялаган. Анда «ПолитКлиника» ЭлТРдин 31-январда жарыкка чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Бул материал жарыяланган соң ЭлТР «ПолитКлиниканы» жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан.

Компания «ПолитКлиникадан» аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон «ПолитКлиника» редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

«ПолитКлиника» медиасы материал үчүн кечирим сурабай турганын, ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Ал эми буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «ЭлТР» телеканалынын «ПолитКлиника» медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке каккан. Маалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактарданалынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18