09:54, 05 апреля 2023, 24.kg

Президенттин атынан ыктыярчыларга ооз ачар өткөрүлдү

Президенттин атынан ыктыярчыларга ооз ачар өткөрүлдү. Кечеден сүрөттөрдү бир катар блогерлер социалдык тармактагы баракчасына жүктөштү.

Ырчы Анжелика Кайратованын маалыматында, ооз ачарды «Эл үмүтү» партиясынын лидери Аскар Алмаз уулу Садыр Жапаровдун атынан уюштурган.

Ооз ачарда Баткен окуясында жигердүү иш алып барган ыктыярчыларга президенттин атынан ыраазычылык кат дагы тапшырылды.

Белгилей кетсек, «Эл үмүтү» партиясынын мүчөсү, жарандык активист Болот Ибрагимов жакында өлкө башчысынын кеңешчиси болуп дайындалды. Аталган саясый уюмдун президенттин уулу Рустам Жапаров менен байланышы айтылып келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18