16:48, 03 апреля 2023, 24.kg

Айла жок. Ырчы Аяна Касымова ажырашуусу боюнча ачык маек берди

Ырчы Аяна Касымова жолдошу менен ажырашуусу боюнча биринчи жолу ачык маек берди.

Ал акыркы «Айла жок» ыры үй-бүлөсүнүн бузулушуна арналганын айтты.

«Мен сезимдеримди, эмнени башымдан өткөргөнүмдү айткым келди. Ажырашууну ар ким ар кандай жол менен өткөрөт. Түнү жатып эле ушул мелодия оюма келди. Сөзүн көпкө даярдадык. Бул ырды мурдакы күйөөмө жөнөттүм. Ал чыгарба деп суранды», — дейт Аяна Касымова.

Ырчынын айтымында, үй-бүлөдө чыр-чатак чыгып акыры ажырашууга алып келген. 

«Мен болгону бактылуу болгум келген. Сүйүп, үй-бүлө кургум келип күйөөгө тийдим. Бирок баары башкача болду. Мен негизи келиндик жумуштан коркпойм. Үй чоң, мен улуу келин болдум. Эрте туруп үй жумуштун баарын жасадым. Айылга барып уй саап, ичеги карын арттым. Мага ал жерде ыңгайлуу болгон жок. Өзүң үчүн жашоо мүмкүн болчу. Мен болгону башка жашоону, башка багытты тандадым. Коргоону сезбеген, мага жайлуу болбогон үйдөн кеттим. Мен келинмин да, дайыма бир нерсе жасап турушум керек. Баарынын айтканын кыласың, каалаган учурда үйдөн чыга албайсың, сениң өзүңдүң жумушуң болбошу керек. Акыры мага менин келин катары көңүлгө тойбостугумду айтышты. Жолдошумдан дагы колдоо күтпөдүм», — дейт Аяна Касымова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18