16:52, 31 марта 2023, 24.kg

Түркия парламенти Финляндиянын НАТОго киришин колдоду

Түркия парламентинин депутаттары Финляндиянын НАТОго кирүү тууралуу өтүнмөсүн бир добуштан колдоду.

Түркия Финляндиянын Түндүк атлантикалык альянска киришине макулдук берген НАТОго мүчө 30 өлкөнүн акыркысы болуп калды. Апта башында мындай чечимди Венгриянын парламенти да кабыл алган.

Финляндиянын бийлиги НАТОго кирүү үчүн талап кылынган бардык эрежелерди аткарды. Өлкө альянска июль айында Литвада өтө турган саммитте мүчө болуп кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Ошол эле маалда НАТОго кошулуу боюнча Финляндия менен бирге өтүнмө жөнөткөн Швециянын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Венгрия менен Түркия Швецияга бир катар шарттарды коюп, өлкөнүн НАТОго кирүү тууралуу протоколун ратификациялай элек. Түркия Швецияда саясий башпаанек алган жүздөн ашык күрт активисттерин өткөрүп берүүнү талап кылууда. Анкара алар терроризм айыбы боюнча издөөдө экенин билдирүүдө. Венгрия швед бийлигин өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө айыптап келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18