14:53, 31 марта 2023, 24.kg

Ленин райондук бир мандаттуу округунда шайлоо өткөрүүгө 18 миллион сом жумшалат

Бишкек шаарынын Ленин райондук бир мандаттуу округунда шайлоо өткөрүүгө 18,6 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Мекеменин өзүнүн чыгымы 13,2 миллион сомду түзөт. 5,4 миллион сом аймактык шайлоо комиссиясы менен шайлоо тилкесинин чыгымдарына бөлүнөт.

96 техникалык адис ишке тартылып, аларга айлык акы каралат.

Шайлоо учурунда күнү-түнү иш жүргөндүктөн мыйзамга ылайык кызматкерлердин тамак-ашына күнүнө 500 сомдон каралат. ИИМдин 102 кызматкери дагы ишке тартылып, аларга дагы өзүнчө каражат бөлүнөт.

Белгилей кетсек, Ленин райондук бир мандаттуу аймактан шайланган депутат Жаныбек Абиров ага карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу мандатын тапшырды. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18