11:52, 31 марта 2023, 24.kg

Садыр Жапаров Жеңиш күнүн белгилөөгө Москвага барат

Садыр Жапаров 8-9-майда Россияга расмий иш сапар менен барат. Бул тууралуу Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуу учурунда маалым болду.

Алексей Оверчуктун айтымында, Кыргызстандын президенти Жеңиш күнүн майрамдоо салтанатына катышат.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Москвадагы Кызыл аянтта өткөн парадка эч кайсы чет элдик президент катышкан эмес. Ал эми 2021-жылы Владимир Путин Жеңиш күнүн Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен гана майрамдаган. 2021-жылдын 29-апрелинде тажик аскерлеринин Кыргызстанга кол салуусунан кийин Рахмондун Россияга чакырылышы кыргыз сегментинде нараазычылык жараткан. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18