16:23, 30 марта 2023, 24.kg

Казакстанда 20 жыл документсиз жүргөн аял Кыргызстанга кайтарылды

2003-жылдан бери ким экенин ырастаган документтери жок, оор турмуштук кырдаалга кабылып, Казакстанда жүргөн 56 жаштагы М.К.Ш. аттуу кыргызстандык аял мекенге кайтарылды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 30-мартта маалымдады.

«Кыргызстандын чет жактагы өкүлчүлүктөрү жарандардын кайрылуусуна ыкчам жооп берип, алардын укугу менен кызыкчылыктарын коргоо аракетинде. Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу жана «Жаш Муун» диаспорасынын өкүлдөрү 2003-жылдан бери Казакстанда документи жок жүргөн 56 жаштагы аялды, 2008-жылы төрөлгөн өспүрүм кызды Кыргызстанга кайтарып келди», — деп жазылган маалыматта.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматында, Казакстанда документи жок кыргызстандыктар кулчулукка кабылган учурлар катталып келет.

Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча, кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18