14:26, 30 марта 2023, 24.kg

Кара-Суунун районунун мектеп окуучулары атырдан ууланганын айтышкан

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Момбеков атындагы №101 орто мектебинин окуучулары атырдан ууланганын айтышкан. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Милиция кызматкерлери атырды экспертизага жиберишти.

Сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү, 29-мартта бардык окуучулар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна доо кетпегени үчүн үйлөрүнө коё берилген.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, учурда жергиликтүү дарыгерлер тарабынан бүгүн кайра үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өткөрүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18