13:57, 30 марта 2023, 24.kg

КР уу калдыктары көмүлгөн жайларды калыбына келтирүүгө 2,2 миллиард рубль алат

«Росатом» корпорациясы Кыргызстандагы уу калдыктары көмүлгөн жайларды калыбына келтирүүгө 2,2 миллиард рубль берет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Жардам «Уран өндүрүлгөн жерлердеги туюккаптарды калыбына келтирүү» программасынын алкагында ишке ашат. Алгач Кажы-Сай жана Миң-Куш аймагындагы калдыктар көмүлгөн жерлерде иш жүрөт.

Аны менен бирге Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы калдыктарды тазалоо иштери дагы алып барылат.

ӨКМдин маалыматында, Кыргызстанда 92 туюккап бар. Анын 36сы Майлуу-Суу шаарында жайгашкан.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18