16:40, 28 марта 2023, 24.kg

Өзбекстанга тыйын чычкан алып өтүүгө аракет кылган киши кармалды

27-мартта Кыргызстандан Өзбекстанга тыйын чычкандарды алып өтүүгө аракет кылган киши кармалды. Бул тууралуу УКМКга караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеме маалымдагандай, «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 13 тыйын чычканды алып өтүп бараткан 44 жаштагы өзбек жараны кармалды.

«Тыйын чычкандардын торун үч баштыкка салып, үстүн кийимдери менен жаап койгон. Өзбек жаранында кемирүүчү жандыктарды алып өтүүгө уруксат берген документи болгон эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын текшерүү иштеринен кийин тыйын чычкандарды чек арачылар тийиштүү мекемеге өткөрүп берген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18