15:02, 28 марта 2023, 24.kg

Оор жүк ташуучу унааларга шаарга кирүүгө тыюу салууну сунушу айтылууда

Дүйнөнүн көптөгөн ири мегаполистеринде оор жүк ташуучу унааларга шаардын борбордук бөлүгүнө кирүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек мэриясында өткөн жыйында билдирди.

Ал оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү үчүн айланып өтүүчү жолдор жана түйүндөр курулушу керектигин белгиледи.

«Ошондой эле унаа токтотуучу жайлар маселесин чечүү керек. Биздин айдоочулар унаа токтотуучу жай катары унаанын жүрүүчү бөлүгүн, кээде тротуарларды колдонушат. Ар бир автобуска туура эмес токтотулган унааларды жазуу үчүн видеокамера орнотулушу керек. Бул кадам «Коопсуз шаар» линиясы аркылуу өткөрүлүп, айдоочуларга туура эмес токтоткондугу үчүн айып пул түрүндө берилиши керек», — деди Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18