13:58, 28 марта 2023, 24.kg

Бишкек шаарына 18 айланма жол курулат

Бишкек шаарына 18 айланма жол курулат. Бул тууралуу бүгүн шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан жыйында билдирди.

Анын айтымында, шаардын бардык аймагында 18 айланма жолун куруу пландалып жатканы, алар калаанын борбордук жана экинчи катардагы көчөлөрдөгү «унаа тыгындарын» азайта тургандыгы белгиленди.

«Бул өзгөрүүлөрдү ар бир жаран көрүп, сезиши керек. Азырынча чындыгында биз жөө жүргүнчүлөр өтүүчү эскилиги жеткен тротуарларды, тыгындарды, чаңды, башаламан имараттарды жана көрнөк-жарнак илинген шаарды гана көрүп жатабыз. Бирдиктүү дизайн-кодун иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө убакыт жетти. Биз талыкпай иштешибиз керек, ошондо гана жыйынтык болот», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18