16:01, 27 марта 2023, 24.kg

Жер мунапысы. Бишкекте 6 миң арыз кабыл алынды

Бишкекте жер тилкелерин жана үйлөрдү мыйзамдаштыруу үчүн 6 миң арыз кабыл алынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбор калаанын жеке турак-жай курулуш департаментинин директору Койчугүл Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, берилген арыздардын 5,4 миңи каралып, Бишкек башкы архитектурасына жөнөтүлдү.

«Архитектурадан бүтүм алынгандан кийин иш кагаздарын кайра бизге алып келишет. Комиссия акыркы чечимди кабыл алат. Бул эки баскычтуу иш», — дейт Койчугүл Ибраимова.

Учурда архитектурадан 700 чечим чыгарылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18