10:47, 24 марта 2023, 24.kg

Тажикстанда жер титирөөдөн 300 турак үй зыянга учурады

23-мартка караган түнү Тажикстандын аймагында катталган жер титирөөдөн Согд облусундагы Тоолуу Матча районунда ондогон турак үйлөр жана айыл чарба курулуштары кыйрады.

Аталган райондогу Палдорак кыштагынын тургундары түнү бою сыртта отурууга аргасыз болушканын, мал-жандыктары өлүп, бейшемби күнү түшкө карата жардам дале келбегенин айтышты. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Ражабмахмад Бадалов жер титирөөдөн улам айылда 300 үй зыянга учурап, 100дөн ашык мал өлгөнүн билдирди.

Бийлик зилзала келтирген чыгымды баалоо үчүн премьер-министр Кохир Расулзода жетектеген атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдады.

23-мартка караган түнү саат 01:07де болгон 5-6 баллдык жер титирөө Тоолу Матча, Рашт райондорунда жана Душанбе шаарында баарынан катуу сезилди.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитети жер силкинүүдөн каза болгондор жок экенин билдирди.

Тажикстандагы бул зилзаланын күчү Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактарында да сезилген.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18