16:51, 23 марта 2023, 24.kg

Активист Ырыс Жекшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтү узартылды

22-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Фейсбуктагы «ПолитУзник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Сыдыков билдирди.

Адвокаттын айтымында, Жекшеналиев 25-майга чейин үй камагында болот. Тараптардын жарыш сөзү 3-апрелге белгиленди.

«Кечээ саясий жана лингвистикалык экспертизалардын алкагында коркутунду чыгарган эксперттер суралды. Ал жакта карама-каршылыктар бар. Иш калыс каралса, сот актоо өкүмүн чыгарышы керек», — деди Сыдыков.

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отургандан кийин активист үй камагына чыгарылган.

Козголгон ишке байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан окуудан чыгарылган. Кийин жогорку окуу жайындагы окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18