10:38, 23 марта 2023, 24.kg

Бишкектин мурдакы вице-мэри Рыспек Сарпашев кармалды

Бишкектин мурдакы вице-мэри, «Тазалык» ишканасынын мурдакы директору Рыспек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ага каршы ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана ошондй эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Рыспек Сарпашев 2017-2018-жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасына тиешелүү иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана куйуучу-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган.

УКМКнын айтымында, ал тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражатты аткаминерлер бөлүп алышкан. Аны менен Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» МИнин бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18