12:43, 22 марта 2023, 24.kg

Сузакта жашыруун иштеп жаткан казино табылды

Жалал-Абад шаарында жана облустун Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан казинолор табылды. Бул тууралуу УКМК кабарлайт.

Анын билдирүүсүндө, көмүскө оюн-зоок жайлардын айрым уюштуруучулары жана администраторлору кармалды.

«Бул жайлардын ар биринин ай сайын акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон. Аталган жашыруун жайлардын кассаларынан бир күндүк мыйзамсыз аракеттерден түшкөн 200 (эки жүз) миң сомдон ашык акча каражаты табылган. Ошондой эле, оюн автоматтарынын ролун аткарган тиешелүү программалык камсыздоосу менен камтылган жалпысынан 40ка жакын компьютер алынды. Муну менен катар ал жайлардын 30 кардары да ал жерде болуу жагдайларын тактоо үчүн кармалды. Кармалган жарандар менен аталган мекемелердин иштери мыйзамсыз экени боюнча профилактикалык түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү», — дейт УКМК.

Комитеттин маалыматында, оюн-зоок жайларынын иштешине облустун айрым укук коргоо кызматкерлери жашыруун мекемелерге колдоо кылууга шектелүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18