09:23, 22 марта 2023, 24.kg

Ооганстандагы жер титирөө Кыргызстандын аймагында да сезилди

21-март күнү кечинде Ооганстандын түндүк тарабында болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында да сезилди.

Жердин силкинүү катуу эле байкалганын Бишкек, Ош шаарларынын, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундары социалдык түйүндөргө жазышты.

Өзбекстандын Сейсмологиялык мониторинг борбору Сурхандарыя облусунда силкинүүнүн күчү 5-6 баллга, Ташкент шаарында жана башка аймактарда 4-5 баллга жеткенин билдирди.

21-март күнү Бишкек убактысы боюнча саат 22:50гө жакын Ооганстандын түндүк тарабында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Азырынча кыйроолор жана курмандыктар тууралуу маалымат жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18