13:00, 17 марта 2023, 24.kg

Файзабаддагы этникалык кыргыздар дагы эле Кыргызстанга келе албай жатышат

Файзабаддагы 65 этникалык кыргыз дагы эле Кыргызстанга келе албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова билдирди.

Анын айтымында, памирлик бир нече үй-бүлө дагы эле паспортун күтүп олтурушат.

«Алар ижарага батир алып жашап жатат. Малдарын сатышкан. Кыйналып турушат», — деди депутат.

Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Жыпар Мамбетованын билдирүүсүндө, этникалык кыргыздарды Өзбекстан аркылуу алып өтүү пландалууда.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин айтымында, Ооган бийлиги памирлик кыргыздардын паспорттун жасап берүүнү убадалаган.

«Ал жерде саясый дагы, коопсуздук дагы маселеси бар. Биз Ооган бийлигине кысым жасай албайбыз», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18