16:14, 16 марта 2023, 24.kg

Рамзан Кадыров 20 жаштагы кызын жаңы кызматка дайындады

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров 20 жаштагы кызы Хутмат Кадырованы республиканын саламаттык сактоо системасы боюнча кураторлукка дайындады. Бул тууралуу чечен өкмөтүнүн башчысы, Кадыровдун күйөө баласы Адам Алханов билдирди.

Хутмат Кадырова бул кызматка дайындалганга чейин Чеченстан башчысынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Кадыровдун башка балдары да Чеченстанда жетекчи кызматтарды аркалайт: 24 жаштагы кызы Айшат Чеченстандын маданият министри, өкмөт башчы Адам Алхановдун 23 жаштагы жубайы Хадижат — Грозный шаарынын мектепке чейинки билим берүү департаментинин башчысы болуп иштейт. 2022-жылы Рамзан Кадыровдун 17 жаштагы уулу Ахмат Кадыров Орусиянын балдар жана жаштар кыймылынын чечен бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.

Февралдын башында Кадыров 26 жаштагы жээнин Чеченстандын вице-премьери, ошондой эле мүлк жана жер мамилелери министри кылып дайындаган.

«Кавказ. Реалии» басылмасынын маалыматына караганда, түрдүү мезгилдерде Рамзан Кадыровдун 100гө жакын тууганы мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалаган. Алардын арасында балдарынан тышкары эже-карындаштары, күйөө балдары, жээндери жана башка жакын туугандары бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18