13:32, 15 марта 2023, 24.kg

Ош шаарына жаңы өрт өчүрүүчү техникалар жана жабдыктар берилди

Бүгүн, 15-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгына жаңы өрт өчүрүүчү атайын техникаларды жана керектүү жабдыктарды тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэр Бакытбек Жетигенов өз сөзүндө ӨКМдин техникалык потенциалын көтөрүү менен калктын коопсуздугуна мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

«Биз үчүн шаар тургундарынын жана конокторунун коопсуздугу биринчи орунда турат. Азыркы учурда табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүүдө заманбап техникалардын болуусу, адам өмүрүн, материалдык баалуулуктарын сактоодо, өрт кырсыктарын жоюуда куткаруучулардын ишин жеңилдетет. Бул заманбап техникалардын өзгөчөлүгү анын жүк көтөрүмдүүлүгүндө, кыймылдаткычынын күчтүүлүгүндө жана ылдамдыгынын тездигинде», — деп баса белгиледи мэр.

ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы жалпы 10 даана HOWO үлгүсүндөгү ар кандай шарттагы өрттөрдү өчүрүүгө, авариялык куткаруу иштерин жоюуга ылайыкталган техникалар менен камсыздалды.

Анын ичинде 54 метр бийиктикке жете турган тепкич да бар.

Photo 290775

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18