11:23, 15 марта 2023, 24.kg

Бишкектин мэри жаңы орун басарын дайындады

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жаңы орун басарын дайындады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын мэринин орун басары болуп Осмонов Мурат Мукашбекович дайындалды.

Буга чейин ал Улуттук статистика комитетинин «Борбор интеллектуалдык маалыматтар» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Дайындоо «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 49-беренесине, министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин «Муниципалдык кадрлар резервине кирүү жөнүндө» буйругуна ылайык дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18