16:13, 14 марта 2023, 24.kg

CAFA чемпионаты июнда өтөт

Быйыл 9-21-июнь аралыгында Борбор Азия Футбол ассоциациясынын (CAFA) тарыхында биринчи жолу эркектер курама командаларынын катышуусунда чемпионат өтөт. Бул тууралуу Тажикстандын Футбол федерациясы билдирди.

Азырынча чемпионат кайсы өлкөнүн аймагында өтөрү белгисиз.

CAFA ассоциациясынын бардык алты мүчөсү — Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Түркмөнстан жана Ооганстан чемпионатка катыша турганын тастыктады. Турнирге Орусиянын улуттук курамасы да катышат.

Уюштуруучулар биринчи CAFA чемпионатында 8 команда чүчүкулактын жыйынытыгы менен эки топко бөлүнүп ойной турганын кабарлады. Топтун жеңүүчүлөрү финалда беттешет. Топтук оюндарда экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ойнойт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18