10:13, 14 марта 2023, 24.kg

Жалал-Абаддын 5 тургуну «Хизб ут-Тахрир» идеологиясынан баш тартты

Диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча «Хизб ут-Тахрир» мүчөлөрүнөн баш тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1967-жылы туулган А.А.Т., 1977-жылы туулган А.Т.К., 1978-жылы туулган Т.А.А., Р., 1979-жылы туулган Ю.Р.М. жана 2000-жылы туулган Х.Ш.Ш. аттуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышкан. Бул адамдар мурда «Хизб ут-Тахрир» ЭТУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкен.

Жогоруда аталган жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды «Хизб ут-Тахрир» ЭТУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.

УКМК тарабынан тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун катарына жаңы тарапкерлердин тартылышынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18