17:39, 13 марта 2023, 24.kg

Коргоо министрлиги дин жол бербегендерге альтернативдүү кызмат өтөөнү сунуштоодо

Коргоо министрлиги диний көз-караштары жол бербеген жарандарга альтернативдүү кызмат өтөөнү сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык маселелер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйында коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов билдирди.

Анын айтымында, айрым медреселердин бүтүрүүчүлөрү курал кармагандан баш тартат.

Депутат Нуржигит Кадырбеков, диндин мамлекеттик иштерге кийлигишүүсүнө тыюу салынгандыгын белгиледи.

«Исламда андай жок. Мекенди коргоо ыйык милдет болуп саналат. Ошондуктан биз каза болгондорду шейит кетти дейбиз. Медресе менен байланыштырбаңыз. Эгер ошондой медресе болсо, маалымат бериңиз текшерип көрөлү. Алар адашып жүргөндөр окшойт. Финансалык каражаттары жана юристтери күчтүү секталар бар, аларда армияга кызмат өтөөгө тыюу салышат», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18