16:20, 13 марта 2023, 24.kg

Казакстанда 3 миңден ашык этникалык казак кандаш макамын алды

Казакстанда 2023-жылдын башынан бери үч миңден ашык этникалык казак кандаш макамын алды. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 1-мартка карата 3 134 этникалык казак тарыхый мекенине кайтып келип, кандаш макамын алды. Алардын 50% Өзбекстандан, 16,3% Кытайдан, 15,9% Орусиядан, 8,4% Түркмөнстандан, 4,5% Монголиядан жана 4,9% башка өлкөлөрдөн келген.

Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги 2022-жылдын соңунда тарыхый мекенине 18 миңге жакын этникалык казак кайтып келип, кандаш макамын алганын билдирген.

Ноябрдын аягында өкмөт 2023-жылдан тарта Казакстандын жарандыгын алуу үчүн пилоттук режимде мамлекеттик тилди билүү сынактарын өткөрүү пландалып жатканын кабарлаган. Аны алгачкылардан болуп документтеринде улуту көрсөтүлбөгөн этникалык казактар тапшырышы керек болот.

Расмий статистикага ылайык, 1991-жылдан бери өлкөгө кайтып келген этникалык казактардын саны 1 миллион 110,1 миңге жетти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18