16:18, 13 марта 2023, 24.kg

Марат Иманкулов ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту

Кыргызстандын коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө ЖККУнун учурдагы практикалык ишмердүүлүгүнүн маселелери, анын ичинде Уюмдун Коопсуздук кеңештеринин Катчыларынын комитетинде мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жана 2023-жылга пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышы талкууланды.

Аймактык коопсуздук маселелери, ошондой эле учурдагы жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу контекстинде эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу окуялар боюнча пикир алмашуу болду. 

 Марат Иманкулов Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары мурдагыдай эле ЖККУнун дараметин жана кадыр-баркын бекемдөөгө, конструктивдүү жана активдүү салым кошууга даяр экенин билдирип, Уюмдун жаңы дайындалган Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовго ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18