15:15, 10 марта 2023, 24.kg

Наманганда кыргыз жаранын барымтада кармаган эки киши кармалды

Өзбекстандын Наманган облусунда кыргыз жаранын уурдап кетип, барымтада кармап турган деген шек менен эки киши кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө шектүүлөрдү колго түшүрүү операциясын эки өлкөнүн атайын кызматтары биргелешип жүргүзгөнү белгиленген.

Маалыматка караганда, 28-февралда УКМКга Кыргызстандын О.С.Т. аттуу жараны кайрылып, бир тууган агасы беш айдан бери Өзбекстандын аймагында белгисиз кишилердин барымтасында отурганын билдирген.

"Кармалган Наманган облусунун тургундары былтыр 23-октябрда О.Т.Т. аттуу кыргыз жаранын алдап, Жалал-Абад обласунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан "Баймак" өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстанга алып өтүп кеткени аныкталды. Аны беш ай барымтада кармап, бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар акча талап кылышкан", - деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жыйынтыгында быйыл 7-мартта барымтада отурган кыргыз жараны мекенине жеткирилип, жакындарына өткөрүлүп берилген.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандын атайын кызматы кармалган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18