16:57, 10 марта 2023, 24.kg

Си Цзиньпин үчүнчү мөөнөткө Кытайдын төрагасы болуп шайланды

Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытай кеңешинин депутаттары Си Цзиньпинди Кытайдын төрагасы кызматына үчүнчү мөөнөткө кайра шайлады. Бул тууралуу «Синьхуа» маалымат агенттиги кабарлады.

Мындан тышкары Си Цзиньпин Борбордук аскердик кеңештин төрагасы кызматына да кайра шайланды. Мындай чечимди 2 952 депутаттын баары бир добуштан колдогону кабарланды. Буга чейин депутаттар Кытайдын Мамлекеттик еңешинин реформалар боюнча планын да жактырган.

Мамлекеттик кеңеш Кытайдын жогорку аткаруу органы болуп эсептелет. Азырынча анын реформалар боюнча планы жарыялана элек. Бирок ал Кытай Компартиясынын «борборлоштурулган жетекчилигин» күчтөнтүп, мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугун жогорулатышы керек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18