11:24, 10 марта 2023, 24.kg

Акылбек Жапаров Шавкат Мирзиеев менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту.

Жолугушууда соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-өндүрүштүк секторлордогу, логистикадагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактар аралык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, энергетика, транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү үчүн чоң потенциал бар экендиги белгиленди.

Автоунаа өнөр жайындагы кооперациялык долбоорлорду, биргелешкен пахта-текстиль кластерлерин түзүү жана электр приборлорун өндүрүү боюнча долбоорлорду тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18