15:29, 09 марта 2023, 24.kg

Грузияда «чет элдик агент жөнүндө» мыйзам долбоору артка кайтарылды

Жапырт нааразылыктарга байланыштуу башкаруучу «Грузин кыялы» партиясы менен «Элдин күчү» кыймылы «чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзам долбоорун артка кайтарды. Документ буга чейин парламентте биринчи окууда өткөн.

«Кабыл алынган мыйзам долбоору коомдо кайчы пикирлерди жаратканын көрүп жатабыз. «Калп машинасы» мыйзам долбоорун терс өңүттө көрсөтүп, калктын белгилүү бир бөлүгүн адаштырганга жетишти. Документке «Орусиянын мыйзамы» деген жалган жалаа жабылды. Анын биринчи окууда кабыл алынышы коомчулуктун бир бөлүгүнө европалык багыттан артка кайтуу катары көрсөтүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Муну менен грузин бийлиги мыйзам долбооруна каршы чыккан жарандардын талабын канааттандырды. 7-8-мартта Тбилисиде парламент имаратынын алдында миңдеген кишинин катышуусунда митинг өткөн. Нааразылык демонстранттар менен полициянын кагылышуусуна алып келген. Акциялар Грузиянын башка шаарларында өттү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18