15:28, 09 марта 2023, 24.kg

8-мартта кармалган киши милицияга баш ийбөөгө шектелүүдө

8-мартта Бишкекте аялдар тилектештигинин жөө жүрүшүндө кармалган жаранга карата протокол түзүлдү. Ал милиция кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес деп шектелүүдө.

Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жаранга байланыштуу чогултулган материалдар чечим чыгаруу үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда райондук милиция жөө жүрүшкө чыккан адамды кармоого эмне себеп болгонун айткан жок.

8-мартта Бишкек шаарында «Аялдар укугу үчүн» тилектештик жүрүшү өткөн. Акциянын айрым катышуучулары демонстранттардын биринин кармалганына күбө болгонун билдиришкен. Алардын айтымында, милиция ал кишини жалпы элдин арасынан күч менен чыгарып, белгисиз тарапка алып кеткен.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18