09:30, 09 марта 2023, 24.kg

Акылбек Жапаров Өзбекстанда жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-мартта Өзбекстанга жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында Жапаров коңшу өлкөнүн жогорку жетекчилери менен жолугуп, бир катар өнөр-жай жана илимий-техникалык ишканалардын иши менен таанышары кабарланган.

Министрлер кабинетинин төрагасы 8-мартта Анжиян облусунун Асаке шаарындагы UzAuto Motors ишканасына барды. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалымдашынча, Жапаров анда бул ишкана менен өз ара пайдалуу шартта кызматташууну талкуулады.

«Мындан тышкары Акылбек Жапаров Өзбекстандын Жизак облусунун Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен да жолугушууну көздөп жатат», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ушул жылы 26-27-январь күндөрү Кыргызстанда эки күндүк мамлекеттик сапар менен болгон жана анын алкагында чек ара баштаган бир катар документтерге кол коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18