16:38, 06 марта 2023, 24.kg

Тажикстанда жети жылга соттолгон журналист абактан түрмөгө которулду

Тажикстанда жети жылга соттолгон журналист Абдусаттор Пирмухаммадзода Душанбедеги тергөө абагынан Хожент шаарындагы түрмөгө которулду. Бул тууралуу «Озоди» радиосу анын бир тууганы Абдукарим Пирмухаммадзодага шилтеме кылып кабарлады.

«Абдусаттор Хожентке 4-мартта жеткирилди. Бизге ал 20 күн карантинде болорун айтышты. Анын бул абакта болуусу биз үчүн кыйын болуп калат, анткени жол алыс, өз убагында маалымат ала албай калышыбыз мүмкүн», — деди Абдукарим Пирмухаммадзода.

Өткөн жылы декабрдын аягында Душанбенин Исмаил Сомони райондук соту Абдусаттор Пирмухаммадзоданы жети жылга эркинен ажыраткан. Журналисттин жакындары дале болсо сот өкүмүнүн көчүрмөсүн ала электигин билдирүүдө. Соттун маалыматына караганда, Пирмухаммадзода өлкөдө тыюу салынган уюмдар менен кызматташууга күнөөлүү деп табылган.

Журналист 2022-жылы октябрда тергөө абагынан кат жазып, кармалган күндөн бери психологиялык басымга жана кыйноого кабылып жатканын, ага тагылган айыптоолор ойдон чыгарылганын билдирген.

Кезинде Тажикстандын мамлекеттик телеканалдарында иштеген 44 жаштагы Абдусаттор Пирмухаммадзода акыркы жылдары блогерлик менен алектенип, 40 миң катталуучусу бар YouTube каналын иштетип келген. 9-июлда ал Вахдат шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18