10:32, 03 марта 2023, 24.kg

Эки жашар кызын сабоого шектелген келин үй камагына чыкты

Баткен облусунун Кадамжай райондук соту эки жашар кызын сабоого шектелген келинди үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу 2-мартта «Азаттыкка» Кадамжай райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кийинки сот отуруму 6-мартта өтөт.

Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон. Келин өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонго тартып, жолдошуна WhatsApp аркылуу жиберген.

Келинге карата «Уруп сабоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 1-февралда райондук сот шектүүнү бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18