14:51, 02 марта 2023, 24.kg

Кемпир-Абад иши: Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталдан тергөө абагына которулду

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнөн Бишкектеги № 1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Эркин Булекбаев билдирди.

«Абыловдун операциясы ийгиликтүү болду, анализдери да жаман эмес. Бирок ал дагы ооруканада жатышы керек. Бул чечимге эч ким канааттанган жок», — деди Булекбаев.

Абылов ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнө 10-февралда которулган.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов «Кемпир-Абад ишине» байланыштуу камакка алынгандардын бири.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыр октябрь айынан бери Бишкектеги № 1 тергөө абагында камакта отурат. Февралда сот алардын камактагы мөөнөттөрүн дагы эки айга узарткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18