10:17, 01 марта 2023, 24.kg

Нарында токой чарбасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы районунун токой чарбасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

2023-жылдын 28-февралында КР УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келип түшкөн билдирүүгө ылайык, 10 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда Нарын облусунун Ат-Башы районунун токой чарбасынын жумушчусу Б.А.С. кармалды.

Белгилей кетсек, Б.А.С. буга чейин да ушундай эле аракети үчүн жоопко тартылган. Ошол эле учурда, 2015-жылдан 2018-жылга чейин «АКНК» (Коррупцияга каршы элдик көзөмөл) коомдук уюмунун активдүү мүчөсү болгон.
Б.А.С. узак убакыттан бери А.А.А. аттуу жаранды мурда жумушка орноштургандыгы үчүн, коркутуп-үркүтүп жана шантаж жолу менен акча талап кылып жүргөн.
Б.А.С. кызмат адамы эмес болгондугуна байланыштуу ага башка жакка кетпөө жөнүндө бөгөт коюу чарасы коюлду.
Учурда керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18