11:16, 28 февраля 2023, 24.kg

Ажылык сапар президент менен талкууланды

Президент Садыр Жапаров муфтий Замир Ракиев менен 2023-жылга карата ажылык сапарды талкуулады.

Мамлекет башчысы алдыдагы ажылык сапарга даярдык көрүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Ал ажылык сапарды уюштурууда баштапкы жылдары финансылык бузуулар жана коррупция сыяктуу жагымсыз фактылар болгонун эске салды. Президент элдин ажылыкка жумшай турган суммасы дагы аз эместигин, ошондуктан алар берген каражаттарынын кайсы жактарга сарпталгандыгын билүүгө толук акысы бар экендигин, коррупциялык иштерге жол берилбеши керектигин өзгөчө белгиледи.

Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаров маркумду акыркы сапарга узатуу, ашын берүү жана башка каада-салт, иш-чараларда ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкты элге түшүндүрүү боюнча активдүү иш алып барууну тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18