09:52, 28 февраля 2023, 24.kg

Өзбекстанда 1-марттан тарта Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы жогорулайт

Өзбекстанда 1-мартта Аи-80 үлгүсүндөгү импорттук жана жергиликтүү бензинге коюлган нөлдүк акциз ченинин мөөнөтү аяктап, аталган күйүүчү майдын баасы жогорулайт. Бул тууралуу «Өзбекмунайгаз» компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Өткөн жылы 10-декабрда газ толтуруу жайларынын ишине киргизилген чектөөлөргө жана бензинге болгон суроо-талаптын өскөнүнө байланыштуу президенттин жарлыгы менен Аи-80 үлгүсүндөгү жергиликтүү жана импорттук бензин үчүн акциздик салык убактылуу жокко чыгарылган. Өзбек өкмөтүнүн бул чарасына чейин Аи-80 бензининин бир тоннасынын биржадагы орточо баасы 8,09 миллион сумду түзүп турса, 10-декабрдан кийин ал 6,29 миллион сумга чейин төмөндөгөн.

«Өзбекмунайгаздын» басма сөз кызматы 1-марттан тарта бир тонна жергиликтүү Аи-80 бензининин биржадагы старттык баасы 6,86 миллион сумду, импорттук бензиндики 8,036 миллион сумду түзөрүн, биржалык соодалашуунун жыйынтыгында бул баалар орточо 8,15 миллион сумга жетерин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18