17:46, 27 февраля 2023, 24.kg

Жапаров: Мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалар 100 күндө кайтарылышы керек

Мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалардын имараты 100 күндө мамлекетке кайра кайтарылыышы керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушууда билдирди.

Ал өлкөдө 1 миң 712 бала бакча бар экенин белгиледи.

«69 бала бакчанын имараты менчикке өтүп кеткен. Биз аларга 100 күн убакыт беребиз. 100 күн ичинде кайтарылбаса, күч менен алып, Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп беребиз. «Кумтөрдү» алдык бакчаларды дагы алабыз. Айрым имараттарда салык кызматы, соттор жана башка уюмдар олтурат. Алар башка имаратка көчүрүлөт», — дейт Акылбек Жапаров.



Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18