10:17, 27 февраля 2023, 24.kg

Түркиядагы зилзала: сапатсыз курулуш иштери боюнча 182 киши кармалды

Түркияда 6-февралдагы катуу зилзаладан имараттардын кыйрашы боюнча 182 киши кармалып, 400дөн ашуун киши шектүү катары эсептелип жатат.

Associated Press маалымдагандай, негизинен алар — үйлөрдү курган компаниялар, имараттардын ээлери же жетекчилери. Түркиянын юстиция министри Бекир Боздагдын айтымында, кармалгандардын арасында бир шаардын мэри да бар.

Эксперттер кыйраган имараттардын көбүндө сапатсыз курулуш материалдары колдонулуп, мамлекеттик стандарт сакталбаган болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Түрк бийлиги талоончулук фактылары боюнча да иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 200дөй киши кармалды.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн өлгөндөрдүн жалпы саны 50 миңге чамалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18