15:46, 24 февраля 2023, 24.kg

Кыргызстандын калкынын 49,6 пайызын эркектер түзөт

Кыргызстандын калкынын 49,6 пайызын эркектер түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

2022-жылкы маалымат боюнча, өлкөдөгү эркектердин саны — 3,3 миллион. Алардын үчтөн экиси айыл жерлеринде жашайт. Ар бир алтынчы эркек Бишкек шаарында турат.

Эркектердин 76 пайызы жумуш менен камсыз болгон. Иштегендердин орточо жаш курагы — 37 жаш.

2021-жылы 51 миңге жакын эркек никеге турган. Алар 20-29 жашында үй-бүлөө курушат.

2021-жылы биринчи жолу никеге турган эркектердин орточо жаш курагы 27,3 жашты, ал эми кайрадан никеге турган эркектердин жаш курагы 39,3 жашты түзгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18