15:40, 24 февраля 2023, 24.kg

Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукананын ачылышы өттү

Бишкек шаарында Германиянын жана «Кургак учук менен күрөшүү программасы — V» гранттык долбоорунун каражатына жаңы жабдуулар менен камсыздалган заманбап клиника ачылды.

«1992-жылдан бери Германия өнүктүрүү банкы (KfW) биздин өлкөгө түрдүү тармактар боюнча 298 млн евродон ашык каражат бөлгөн. Германиянын биздин калыптануубузга жана туруктуу өнүгүүбүзгө, ошондой эле глобалдык пандемия учурунда колдоо көрсөтүүсүн жогору баалайбыз», — деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Кургак учукка каршы оорукананын жалпы бюджети 6,5 млн еврону түзөт. Шаардык кургак учукка каршы ооруканада 128 керебет каралган. Кургак учуктун дарыга туруктуу, сезгич, ачык жана жабык түрлөрүн дарылоочу палаталар бар. Радиологиялык бөлүм жана интенсивдик терапия бөлүмү бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган. Лабораторияда гематологиялык, биохимиялык, заара, ИФА анализаторлору бар. Ооруканада заманбап желдетүү системасы иштелип чыккан, ХЕПА-фильтрлери орнотулган (алар микробдорду тышка чыгарбайт), ультра кызгылт көк бактерициддик лампалардан өткөн аба дезинфекцияланып турат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18