09:20, 24 февраля 2023, 24.kg

Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковдун абактагы мөөнөтү узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Алдамчылыкка» шектелип кармалган мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун бөгөт чарасын карап, анын абактагы мөөнөтүн эки айга узартты.

Соттун чечимине ылайык, Разаков 24-апрелге чейин № 1 тергөө абагында болот. Бул тууралуу адвокат Айбек Өмүров «Азаттыкка» билдирди.

Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьерди 24-январда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү («Алдамчылык») жана 337-беренесинин 4-бөлүгү («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айып тагылганы кабарланган.

Ал өзүнө козголгон кылмыш иштери тууралуу бөгөт чарасы каралган учурда (26-январда) комментарий берген эмес. Парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын «Азаттыкка» ырастаган.

ИИМдин маалыматына караганда, экс-депутат Арзыбек Бурканов былтыр сентябрда Разаковго чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.

Арызда Разаков 2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн. доллар алып бербей койгонун көрсөткөн.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткен облусунун губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18