15:41, 22 февраля 2023, 24.kg

«Ала-ТВнын» негиздөөчүсү Артур Халдаров камакка алынды

«Ала-ТВ» компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров алдамчылыкка шектелип Бишкектин тергөө абагына камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренесинин негизинде иш козголуп, териштирүү жүрүп жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, арызданган адам Халдаров аны 103 миллион сомго алдап кеткенин билдирген.

Халдаров эки жыл мурда дагы бир иш боюнча айыпталып, 280 миң сомдук айыпка жыгылган. Буга 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы боюнча кылмыш иши негиз болгон.

Жаңы айыптоо боюнча ал өзү же жактоочулары комментарий бере элек.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18