09:38, 21 февраля 2023, 24.kg

Айыл чарба министрлиги: дыйкандарга арзан күйүүчү май сатыла баштады

Кыргызстанда жазгы талаа жумуштары үчүн дыйкандарга 3 миллион литр дизель базар баасынан арзан — 65 сомдон сатыла баштаганын Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, дизелди Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Red Petroleum компаниясы менен келишим түзүп сатып алган. Ал район-райондорго квота менен бөлүштүрүлүп берилген. Айыл чарба министрлиги дыйкандарды арзан дизелди сатып алуу үчүн айыл өкмөттөргө кайрылууга чакырды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, ушул күндөрү Кыргызстанда дизелдин базар баасы 74-75 сом болуп жатат.

Кыргызстанда жазгы талаа иштерине жалпы 42,1 миң тонна күйүүчү-май керектелет. Министрлик кабарлагандай учурда мунай базаларында жана автомай куючу жайларда 25 миң тонна дизель, 20 миң тонна автобензин бар.

Өкмөт арзаныраак таратып жаткан 3 миллион литр дизель 2,5 миң тонна. Жазгы талаа жумуштарына керектелчү көлөмдүн 7,2% түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18