13:15, 16 февраля 2023, 24.kg

Ысык-Көлдө тоо текени атып кеткен жаран кармалды

15-февраль күнү мыйзамсыз аӊчылыктын алдын алуу жана болтурбоо максатында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, «Илбирс» коомдук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтүү егерлер менен бирдикте рейдтик иш-чарасын Жети-Өгүз районунун сырт өрөөндөрүндө өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө, рейдтин катышуучулары сырт өрөөнүнүн «Ыштык» жайлоосунда 37 жаштагы Кызыл-Суу айылынын Т.Б. аттуу тургунунан бир даана атылган тоо текеси табылып алынган. Текшерүү учурунда, кармалган жаран текшерүүчүлөргө жапайы жаныбарды атууга эч кандай уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Photo 288151

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18