10:26, 16 февраля 2023, 24.kg

Издөөдө жүргөн террорчулардын шериктеши кармалды

2023-жылдын 15-февралында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан, эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) издөөдө жүргөн шериги — Сузак районунун 1976-жылы туулган Р.К.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматкы алайык, Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 3-бөлүгү, 30-беренесинин 6-бөлүгү, 27-226-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгү менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, кармалган Р.К.А. ЭТУнун мүчөлөрүнө Калашников (АК-74) жана гранатомет саткандыгы аныкталды, кийинчерек Бишкек шаарынын аймагында террордук актыларды уюштуруу аракети менен КР УКМК тарабынан жок кылынган.

Кармалган Р.К.А. КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, анын ЭТУ менен шериктештикке катыштыгы бар башка фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Photo 288119

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18