Жазгуль МАСАЛИЕВА
10:57, 15 февраля 2023, 24.kg

Нуржигит Кадырбеков: Салык органдары өздөрү жаңы саясатка даяр эмес экен

Салык саясатынын туура эместигинен баалар өсүүдө. Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик салык кызматы өзү жаңы өзгөрүүлөргө даярдыгы жок болуп, ишкерлердин убакытын алууда.

«Салык саясатынын туура эместигинен баалар өсүүдө. Салык органдары өздөрү даяр эмес экен. Элдер өздөрү саткан товарынын тизмесин берип, кодун сайтка киргиз деп берсе, 1-2 айдан бери салыкчылар басып жатат. Базарда соода токтоп калды. Глобус менен Фрунзенин иши жүрүп жатат. Бирок алардын акчасы чет өлкөгө чыгып кетет», — деди эл өкүлү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18