11:14, 13 февраля 2023, 24.kg

Казакстандагы Теңиз кенинде иш таштоо токтоду

Атырау облусунда жайгашкан Теңиз кениндеги «Теңизшевройл» компаниясына жалданып иштеген «Ишенимдүү курулуш» ишканасынын кенчилери иш таштоону токтотту. Бул тууралуу жумушчулардын бири «Азаттыктын» казак кызматына кабарлады.

Маалыматты компаниянын өкүлдөрү да тастыкташты. Бирок жумушчулардын талабы орундалабы же жокпу белгисиз.

Ишкананын жумушчулары 11-февралда иш таштап, маянаны 20 пайызга көбөйтүүнү, инфляцияга байланыштуу 500 миң теңге көлөмүндө бир жолку компенсация төлөөнү жана кезмет мөөнөтүн 28 күндөн 14 күнгө азайтууну, эки менеджерди иштен алууну талап кылышкан.

Компаниянын өкүлү Жазира Анескызы январда жумушчулардын маянасы 8,4 пайызга көбөйтүлгөнүн, мындан да жогорулатууга мүмкүндүк жок экенин билдирди. Анын айтымында, инфляциянын өсүшүнө байланыштуу жумушчуларга 10-мартка чейин 300 миң теңге компенсация төлөнүп берилет.

«Ишенимдүү курулуш» Теңиз кенинде үчүнчү муундагы заводду курууда. Жумуштун 95 пайызы аягына чыгып калды. «Теңизшевройл» компаниясында жалданма уюмдарды кошо эсептегенде 8100 жумушчу иштейт. Ишембиде 280 киши иш таштаган.

Казакстанда мунайдын үчтөн бир бөлүгү Теңиз кенинен казылып алынат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18